Өткөн жылы бир да көп кабаттуу үй курулбаган 16 райондун акими иштен алынышы мүмкүн

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 29-январда өткөн жыйында өлкөдөгү 16 акимдин ээлеген кызматтарына туура келер-келбесин текшерүүнү тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Шерзод Асадов билдирди.

Анын айтымында, 2 000 көп кабаттуу үй куруп, аларды калкка берүү боюнча өткөн жылкы план толук аткарылган эмес. 124 үй курулуп бүтпөсө, дагы 450 үй пайдаланууга бериле элек.

«Мындан тышкары турак жайга болгон суроо-талаптын жогору экенине карабастан, 2023-жылы 16 райондо бир дагы көп кабаттуу үй курулган эмес. Президент бул райондордун акимдерин сынга алып, алар үйлөрдү курууну пландабаганын да белгиледи», – деди Асадов.

Президенттин тапшырмасына ылайык, эми жыл ичинде бир да көп кабаттуу үй курбаган 16 райондун акиминин ээлеген кызматтарына туура келер-келбесин премьер-министр Абдулла Арипов чечиши керек.

30 Январь 2024 жыл 9:14
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча