Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ысык-Көлдүн Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок-1 айылында селдин кесепетин жоюу уланып жатканын билдирди. Алдын ала маалыматка ылайык, 27-августтагы кыска мөөнөттөгү нөшөрлөп жааган жаандан улам кокту-колоттон келген топон суу 30дай үйдү, короо-жайды, жер төлөлөрдү каптап, ички чарбалык жолдор бузулду.
«Жеринде кечетен бери куткаруучулар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте сел суулары тазалоо иштерин улантып жатат. Бүгүн 28-августта жалпысынан 17 куткаруучу тартылды»,-деп жазылган маалыматта.