Тоңдо унаасы бузулуп, тоодо калган 2 жаран куткарылды

Бүгүн Тоң районун Коргонду-Булак айылынын тоо кыркасындагы Көл-Бел тилкесинде 2 жаран машинасы бузулуп, тоодон түшө албай калган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, алар «112» кыска номерине жардам сурап кайрылышкан.

Жерине Тоң райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылган. Алар унаасы бузулуп, үшүп калган 1 эркек жана 1 аялды Бөкөнбаев айылына аман-эсен алып келишкен.

Учурда алардын абалы жакшы.

22 Январь 2026 жыл 17:46
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча