Тогуз айда Кыргызстанга сырттан 2 млрд 250 млн доллар которулду

2024-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстанга сыртта жүргөн жеке адамдардан 2 млрд 250 млн доллар которулду. Бул тууралуу Улуттук банк маалымдады.

Ага ылайык, тогуз айда Орусиядагы жеке жарандардан Кыргызстанга которулган акчанын суммасы 2 млрд 099 млн 302 миң долларды түздү. АКШдан Кыргызстанга 45,5 млн доллар жиберилген.

2023-жылы сыртта жүргөн жеке адамдардан Кыргызстанга 2 млрд 706 млн доллар келген. Анын ичинен басымдуу бөлүгү Орусиядан — 2,5 млрд доллар, АКШдан 45,3 млн доллар, Түштүк Кореядан 60,1 млн доллар которулган.

19 Ноябрь 2024 жыл 14:07
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча