Токмок – Дөң-Арык – Рот-Фронт унаа жолу асфальтталат

Чүй облусуна караштуу Чүй районундагы Токмок – Дөң-Арык – Рот-Фронт унаа жолунда асфальт төшөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, быйыл Титулдук планга ылайык жалпы 5 чакырымга асфальт төшөө каралган.

Бүгүнкү күнгө 1,2 чакырым жол асфальтталды.

Жол оңдоо иштери №954 Жол тейлөө ишканасынын филиалы тарабынан өз мөөнөтүндө аткарылууда.

20 Апрель 2026 жыл 16:19
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча