Токмок-Прогресс-Кайырма унаа жолуна асфальт төшөлүүдө

Токмок-Прогресс-Кайырма унаа жолуна асфальт төшөлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Чүй облусуна караштуу Токмок-Прогресс-Кайырма унаа жолуна асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө. Жеринде “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын №954 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жана атайын техникалар иштеп жатат.

Быйыл жалпы 15 чакырымды түзгөн Токмок-Прогресс-Кайырма унаа жолунун 3 чакырымына (0-1, 8-9, 11-12-чакырымдар аралыгы) 6 см калыңдыктагы асфальт төшөө иштери каралган. Учурда жумуштар ортодон ооп, эки чакырымдан ашык аралыкка асфальт жаткырылды.

Баса белгилеп кетчү жагдай, жол куруу иштери бардык нормаларга жооп берет.

22 Май 2024 жыл 18:21
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча