Токомбаев–Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилиши жабылып, 13 автобустун каттамы өзгөрдү

17-июндан 18-июнга чейин Бишкек шаарында Аалы Токомбаев жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилиши жабылды.

Мэриядан билдиришкендей, аталган кесилиштин жабылышына байланыштуу 13 автобустук каттамдын кыймыл схемалары убактылуу өзгөртүлдү.

Өзгөртүүлөр төмөнкү каттамдарга тиешелүү: №10(Т), №103, №56, №152, №175, №66, №104, №35, №1, №9, №215, №45 жана №146.

Жолдорду реконструкциялоо иштеринин жүрүшүндө аталган каттамдардын кыймылы убактылуу жакын жайгашкан альтернативдүү көчөлөр аркылуу жүргүзүлөт.

17 Июнь 2026 жыл 10:08
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча