Токтогул – Беш-Таш унаа жолунун 53 чакырымы асфальтталат

Быйыл Токтогул – Беш-Таш унаа жолунун 53 чакырымы асфальтталат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Күн мурун министр Талантбек Солтобаев иш сапары менен Токтогул районуна барып, жол куруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен жеринде таанышты.

Учурда жалпы узундугу 53 чакырымды түзгөн жол тилкесинде жер иштери башталды. Буга чейин жолдун айрым бөлүктөрүндө гана асфальт болуп, калган тилкелеринде жарандарга жана унаага бир топ кыйынчылыктар жаралып келген.

Иш сапардын жүрүшүндө жол тармагында иштеген кызматкерлер менен жолугуп, аткарылып жаткан иштерди текшерип, курулуштун сапатын камсыз кылуу жана жумуштарды өз мөөнөтүндө бүткөрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Автожолдор — аймактардын экономикасынын жана эл турмушунун негизги күрөө тамыры болуп саналат.

Токтогул – Беш-Таш жолунун асфальтталышы бир нече айылдын жашоочуларынын жашоосун гана жеңилдетпестен, транспорттук байланышты да жакшыртып, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө шарт түзөт.

26 Март 2026 жыл 13:20
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча