Токтогул суу сактагычынан 1,5 чакырым балык уулоочу тор алынды

Токтогул суу сактагычынан 1,5 чакырым балык уулоочу тор алынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Ведомстводон билдиришкендей, Жалал-Абад регионалдык башкармалыктын кызматкерлери тарабынан дайыма балык запастарын коргоо боюнча атайын рейдер өткөрүлүп турат.

Рейддин максаты акваториянын суу объектилериндеги кырдаалды көзөмөлдөө жана укуктук тартипти сактоо болуп саналат.

Масштабдуу рейддери улантылууда.

5 Февраль 2024 жыл 11:23
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча