Токтогулда кекиликтерди мыйзамсыз кармагандарга айып салынды

Токтогул районунда мыйзамсыз аңчылык фактысы аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кара-Жыгач айылынын тургундары тарабынан 9 даана кекилик мыйзамсыз кармалганы аныкталган.

Аталган факты боюнча мыйзамга ылайык протокол түзүлүп, 12 миң 500 сом айып салынды. Ошондой эле 9 кекилик үчүн 36 миң сом өлчөмүндө доо эсептелди.

Министрлик жарандарды жаратылышты коргоо мыйзамдарын так сактоого чакырат.

17 Февраль 2026 жыл 16:03
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча