Токтогул милициясы адам өлтүрүү фактысынын бетин изин суутпай ачты. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 28-февралда саат 13:57 чамасында Токтогул районундагы үйлөрдүн биринде киши колдуу болгон 35-40 жаштар чамасындагы эркек адамдын сөөгү табылган.
Окуя болгон жерге Токтогул РИИБдин жетекчилиги, ыкчам-тергөө тобу, прокуратура кызматкерлери чыгып, кароо жүргүзүлүп, тиешелүү материалдар топтолгон.
Окуя боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Токтогул милициясы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишинин бети изи сууй электе ачылган. Кылмышка шектүү катары Токтогул районунун тургундары 1984-жылы туулган А.Б., 1989-жылы туулган М.Г. жана Талас облусунун Бакай-Ата районунун тургуну 1988-жылы туулган О.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүүлөр 27-февралда Токтогул районундагы үйлөрдүн биринде спирт ичимдигин ичип отурушуп, сөз талашып уруша кетип, үчөөлөп каза болгон адамды сабап, окуя болгон жерден кетип калышканын айтышкан.
Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.