Токтогулда шаардык кеңешке талапкер Дүйшөналиев абактан бошотулду

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жалал-Абад шаардык соту Токтогул шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер Болотбек Дүйшөналиевди 4-ноябрда эч жакка чыкпоо тил каты менен сот залынан бошотконун билдирди. Анын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүчтү сотко Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматынын тергөөчүсү берген.

Мунун алдында Боршайком “Жергиликтүү кеңеш депутатын шайлоо жөнүндө” мыйзамга ылайык, каттоодон өткөн күндөн тартып шайлоонун жыйынтыгы жарыяланганга чейин талапкер эгер кылмыш жасап жаткан жеринен кармалбаса камакка алынбай турганын, талапкерди кармоо боюнча аймактык шайлоо комиссиясынын макулдугу керек экенин эскерткен.

5 Ноябрь 2024 жыл 11:47
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча