«Торугарт», «Эркеч-Там» бекеттеринде бажычылар күнү-түнү иштей баштады

Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» жана «Эркеч-Там» өткөрүү пунктуларында кызмат өтөө 24/7 режимине өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.

Ага ылайык, эки бекетте иштеген бажы кызматкерлери кадимки тартипке өтүп, күнү-түнү иштей баштады.

«Торугарт» өткөрүү пунктунда бүгүнкү күндө «Торугарт-2» комплексинин административдик имараты реконструкцияланып, алты жол тилкеси курулуп, жабык, жылууланган ангарлар орнотулду. Бир эле учурда алты унаа бажы көзөмөлүнөн өткөрүлөт. Эки бекетте «Санарип тамга» долбоору пилоттук режимде ишке киргизилди», — деп жазылат маалыматта.

Мамлекеттик кызмат бажычылардын күнү-түнү иштей башташы, бажы процесстерин автоматташтыруу чек ара бекеттериндеги кезектин көбөйүп кетпей тез өтүүсүн шарттай турганы кошумчаланды.

1 Март 2024 жыл 11:04
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча