Транспорт министринин үч жаңы орун басары дайындалды.
Ведомстводон маалымдашкандай, Тариэл Жаныбеков транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары болуп дайындалды.
Ал эми Улукбек Жанибеков менен Бактылуу Момбековдор министрдин орун басарлары болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Министрдин жаңы орун басарларын эмгек жамаатына президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары — тармактык саясат бөлүмүнүн башчысы Алмазбек Примов тааныштырды.