Транспорт министрлиги жыл аягына чейин 453 техника сатып алат

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жыл аягына чейин 453 техника сатып алат. Бул тууралуу күн мурун министрликтин 9 айдагы ишмердүүлүктүн жыйынтыгын чыгарган коллегиялык отурумунда айтылды.

Ведомствонун маалыматына ылайык, учурда техника сатып алуу боюнча подрядчы компаниялар тандалып, үстүбүздөгү жылдын 20-декабрына чейин келиши күтүлүүдө.

Белгиленгендей, 2023-жылы КР президентинин колдоосу менен 265 даана техника жана жол куруу жабдуулары Жол фондунун эсебинен сатылып алынган.

29 Октябрь 2024 жыл 10:22
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча