Транспорт министрлигинин бир катар кызматкерлерине сөгүш берилди

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин бир катар кызматкерлерине сөгүш берилди. Бул тууралуу бүгүн министр Абсаттар Сыргабаевдин төрагалыгы алдында өткөн аппараттык жыйында белгилүү болду.

Анда тармактагы актуалдуу маселелер талкууланып, Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол жолунун курулушунун жүрүшүнө байланыштуу транспорт министринин биринчи орун басары С.Т.О, Жол чарба департаментинин директору А. К.К, «Кыргызжолтрансдолбоор долбоорлоо-изилдөө институту» мамлекеттик ишканасынын директору А.Т.Н, «Кыргызжолтрансдолбоор долбоорлоо-изилдөө институту» мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары О.К.К.га сөгүш берилди.

Министр аталган жолдун курулушун министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жеке көзөмөлүнө алганын баса белгилеп, иш ыргагын ыкчамдатуу, сапатына көңүл буруу жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүүнү тапшырды.

Мындан тышкары, министр Сыргабаев кышкы мезгилде жолдорду тейлөө жана алардын абалын көзөмөлдөө маселесине токтолуп, тийиштүү деңгээлде иш алып бара албаган жетекчилерди кызматын тапшырууну талап кылды.

29 Декабрь 2025 жыл 13:15
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча