Бишкектеги «Айчүрөк» соода борборунун (ЦУМ) жанындагы жаңы салынып жаткан үч кабаттуу имарат толугу менен бузулат. Мындай чечим аталган имараттын кожоюндары, шаар бийлиги жана “Ташболот Холдинг” компаниясынын сүйлөшүүлөрүнүн негизинде кабыл алынды.
Аталган компаниянын маалыматына караганда, бул имараттын кожоюндары башка. Бузууга байланыштуу техникалык жумуштарга Old Bishkek долбоорунун өкүлдөрү жардам берет. Имараттын орду көрктөндүрүлөт.
Бул имараттын курулушу коомчулукта талаш-талкуу жаратып келген.
Буга чейин Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев аталган соода борборунун жанындагы мындан башка дагы курулушту, мурдагы фонтандын ордундагы эскизине окшобогон объектини сынга алган жана аны дагы бузууну, фонтанды калыбына келтирүүнү тапшырган.