Тышкы иштер министринин орун басары АКШнын Элчиси менен жолукту

14-мартта Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиевдин АКШнын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лесли Вигери менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-америка кызматташтыгынын күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашты. Тактап айтканда, расмий делегациялардын өз ара иш сапарларын уюштуруу, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, «С5+1» аймактык диалог платформасынын алкагында кызматташуу, маанилүү кен байлыктар жана банктар аралык кызматташуу боюнча, ошондой эле КРдин жарандары үчүн АКШ визасынын жол-жоболору жөнөкөйлөштүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

14 Март 2024 жыл 13:35
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча