Учкунда жылуулук жана ысык суу берүү убактылуу токтотулду. Себеби…

Бишкектеги Учкун кичи районунда жылуулук жана ысык суу берүү убактылуу токтотулду.

Мэриядан билдиришкендей, «Бишкек жылуулук тармагынын» кызматкерлери текшерүү учурунда диаметри 377 мм болгон квартал аралык түтүктөн суу агып жатканын аныкташкан. Буга байланыштуу аталган аймакта жылуулук жана ысык суу берүү убактылуу токтотулду.

Учурда бригадалар оңдоо иштерин жүргүзүүдө.

Жылуулук жана ысык суу берүү качан калыбына келтирилери тууралуу кошумча маалымдалат.

Бишкек мэриясы жарандардан убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну суранат.

21 Ноябрь 2024 жыл 18:18
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча