“Учур” мамлекеттик жаштар театры имараттуу болот. Бул тууралуу театрдын соцтармактагы баракчасына жарыяланды.
Анда белгиленгендей, буга чейин “Туңгуч” жеке театры колдонуп келген имарат эми “Учур” театрына берилет.
“25 жылдык тарыхы бар, бир нече баш байгелерди багындырган, чет өлкөгө байма-бай чыгып кыргыз театрын даңазалаган биздин спектаклдерди жакында жаңы сахнадан көрөсүздөр! Кубанычыбызда чек жок!”,-деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, “Учур” жаштар театры буга чейин өз чыгармаларын башка театрларда коюп келген.