«Уйгак болуп калат». Депутат тууну өзгөртүү сунушуна каршы

Жогорку Кеңештин 25-октябрдагы жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо мамлекеттик тууну өзгөртүү сунушун сынга алды. Ал желекти өзгөртүүгө көпчүлүк каршы экенин белгилеп, 30 жылдан бери колдонулуп келген желек азыркыдай абалында калышы керектигин айтты.

«Коомчулукта, социалдык тармактарда дээрлик көпчүлүгү каршы болуп жатат. Биз желектен башка нерсени жасайлычы, мамлекеттин ыйыгына тийбей эле коелучу. Бул күндүн нуру. Эгер биз арбайтып-тарбайтып койсок, анда ал уйгак болуп калат. Башка иштерибиз кокодон болуп турганда туу менен алектенсек эртең элибиз кечирбейт. Бул туу 30 жылдан бери эн тамга болуп келатат».

Төрага Нурланбек Шакиев ага жооп берип, туунун авторлору менен жолукканын, алар баштапкы варианты өзгөрүп кеткен айтканын, максат биринчи калыбына түздөп алып келүү экенин билдирди. Самыйкожо туунун авторлорун дагы сынга алды.

«Эгер туунун авторлору дагы күн карама деп аткан болсо анда өздөрү дагы күн карама. «Күн тийген жердин күкүгүнө» айланып, жетим көпөлөктөй ар кайсы жерде айланып, ким эмне десе ошонун айдагына айдалып, байрагына байланып келгендер ошентип айта берет»,-деди депутат.

25 Октябрь 2023 жыл 12:12

Тема боюнча