УКМК 8 унаа, кымбат турак жайлар конфискация болгонун билдирди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) сот кен казууга лицензия берүүдөгү коррупциялык иштерге тиешеси бар делген эки адамдын (Э.Д.Н. жана М.В.И.) мүлктөрүн конфискация кылуу тууралуу чечим чыгарганын билдирди.

Талас облусунун Айтматов райондук сотунун 27-февралдагы өкүмү менен аларга таандык сегиз автоунаа — Lexus LX570, Toyota Land Cruiser, Toyota camri, Tesla Model Y, Lexus LX600, BMW X5, Lexus LX570 жана Porsche Cayenne мамлекетке алынды.

Андан тышкары Бишкек шаарындагы элиталык турак жай комплекстериндеги төрт автоунаа токтотуучу жай, борбордон төрт батир, Бишкектеги “Браво” коттедж шаарчасында (Орто-Сай айылындагы) жайгашкан эки, “Ордо” VIP шаарчасынан да эки турак жай конфискация болду.

УКМК алар Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызмат адамдары менен келишип алып, Талас облусунун аймагында кендерди казып алуу боюнча ишканалардын лицензиясын мыйзамсыз алуу схемасын уюштурганы аныкталганын кошумчалады.

5 Март 2025 жыл 11:55
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча