УКМК экс-депутат Эмил Жамгырчиевди суракка чакырды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Жогорку Кеңештин экс-депутаты Эмил Жамгырчиев АКШда жашаган активист Тилекмат Кудайбергенов (Куренов) менен Бириккен Араб Эмираттарындагы жолугушуусу боюнча УКМКга суракка чакырылганын билдирди. Атайын кызмат жолугушуунун себеби такталып жатканын кошумчалады.

Кыргызстандан мажбурланып чыгарылган журналист Болот Темиров 19-ноябрда Фейсбуктагы баракчасына Дубайда Эмил Жамгырчиев менен Тилекмат Кудайбергенов жолугушканын, Эмил Жамгырчиев активист Дубайдан чыга албай калышы үчүн анын паспортун уурдап кеткенин жазган.

Ушул эле күнү Тилекмат Кудайбергенов Бириккен Араб Эмираттарында укук коргоо органдарында бир сутка суракта болгонун, кийинчерээк кенен маалымат берерин билдирген.

20-ноябрда бул окуяга байланыштуу Эмил Жамгырчиев Фейсбуктагы баракчасына пост жарыялады. Анда ал атасын дарылатуу үчүн чет жакка чыгып Дубайда Тилекмат Кудайбергенов менен жолукканын, ал каражаттан кыйналып жатканын айтканда кызы үчүн жардам бергенин жазган. Кийин дагы акча талап кылып, бербесе видеолорун чыгара турганын айтканын билдирди.

20 Ноябрь 2024 жыл 17:23
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча