УКМК экс-депутаттын уулун кылмыштуу кирешени адалдоого шек санап кармады

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Жогорку Кеңештин мурдагы депутатынын уулу М. А. М. кримтөбөл Камчы Көлбаевдин (К. Асанбек) кылмыштуу кирешелерин адалдоого шектелип кармалганын маалымдады. Мекеменин басма сөз кызматы 20-декабрда тараткан маалыматка ылайык, шектүү 6-декабрда кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси («Кылмыштуу кирешелерди адалдоо») менен айып тагылып, Октябрь райондук сотунун чечими менен №1 тергөө абагына камалды.

«М.А.М. Көлбаевдин ишмердиги кылмыштуу экенин билип туруп, өзүнүн атына катталган чопкуттуу «Лексус LX570″ автоунаасын Көлбаевге жана башка уюшкан кылмыш тобунун мүчөлөрүнө пайдаланууга берген. Шектүү Камчы Көлбаев менен үй-бүлөлүк жакын мамиледе болгон, анын спорттук жана башка ищ-чараларын каржылап келген» деп жазылган маалыматта.

Коопсуздук кызматы иликтеп-тергөө учурунда Дубай шаарындагы «Бизнес Бэй» деп аталган тандамал аймакта кармалган жаранга таандык 24 батири бар экени аныкталганын, батирлердин жалпы баасы 4,5 млн долларга барабар экенин кошумчалады.

Учурда атайын кызматтын Чүй облустук башкармалыгы Көлбаевге таандык мүлктөрдү мамлекетке кайтаруу ишин улантып жатканы кабарланды.

20 Декабрь 2023 жыл 13:37
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча