УКМК Көлбаевдин автоунаасы атайын кызматка берилгенин четке какты

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги тарабынан берилген маалыматты четке кагып, кримтөбөл Камчы Көлбаевге таандык болгон эки автоунааны атайын кызмат албаганын билдирди.

УКМК 19-январда тараткан маалыматында Көлбаевдин унаалары мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилбегенин белгиледи.

«УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан тергөө чараларынын жүрүшүндө К.Асанбекке тиешелүү бир нече автоунаа кармалып, кийинчерээк алар Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттикке чечим кабыл алуу үчүн өткөрүлүп берилген. УКМКнын балансында өз функцияларын ишке ашыруу үчүн жетиштүү сандагы унаалар бар. УКМК жарандарды чагымчыл маалыматтарга ишенбөөгө жана мамлекеттик органдардын расмий маалыматтарына гана көңүл бурууга чакырат», — деп айтылат билдирүүдө.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду 17-январда Камчы Көлбаевдин мүлкүн конфискациялоодо алынган 6 унаанын экөө мамлекеттик органдарга берилгенин кабарлаган.

Агенттиктин маалыматы боюнча, 25 млн 500 миң сомго бааланган Mercedes-Benz S600 унаасын Президенттин иш башкармалыгы, ал эми 1 млн 150 миң сомго бааланган Kia Rio X-Line унаасын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети алганы айтылган.

19 Январь 2024 жыл 14:31

Тема боюнча