УКМК кызматкерлерине байланыштуу арыздар кылдат текшерилет – башкы прокурор

Башкы прокурор Максат Асаналиев Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элвира Сурабалдиеванын суроосуна жооп берип жатып, УКМК кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери тууралуу жарандардан түшкөн бардык кайрылуулар кылдат текшерилерин билдирди.

Алгач, эл өкүлү Элвира Сурабалдиева парламент жыйынында Ысык-Көлдөгү пансионат биринчи уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрүнө, андан кийин криминал менен күрөшүүдөн соң, УКМКнын кызматкеринин колуна өтүп кеткен бир окуя тууралуу айтып берди.

“Жакында мага бир жараныбыз кайрылып Ысык-Көлдө пансионатын убагында уюшкан кылмыштуу топтору тартып алганын, кийин УКМКнын жетекчилиги Камчы Көлбаевден жабыркагандар бизге кайрылгыла дегенде барганын айтты. Ошо ураандан кийин сүйүнүп барса тескерисинче экинчи ирет УКМК кызматкерлери тартып алыптыр. Азыр ал объект мамлекетке өтпөптүр. Тегерегинде иштеп жүргөн жарандардын бирөөнүн колунда дейт. Бул арыз боюнча толук маалымат, каттарды берем карап көрүңүздөр. Бул көрүнүш 2022 же 2023-жылдары болгон. Негизи ушундай учурлар текшерилип жатабы?” — деп суроо салды Сурабалдиева.

Башкы прокурор учурда өндүрүштө мындай мүнөздөгү 386 арыз каралып, процессуалдык чечимдер кабыл алынып жатканын маалымдады.

“Учурдан пайдаланып жалпы коомчулук, элибиз үчүн айта кетейин. Кандай гана мыйзам бузуу болбосун эч кимден коркпой, тартынбай прокуратура же күч органдарына кайрылыңыздар. Сөзсүз түрдө мыйзам чегинде адилеттүү, калыс чечим чыгарып беребиз. Эч кимде эч кандай күмөн болбошу керек. Сиз айткан пансионат боюнча так маалымат берсеңиз, териштирип чыгып сизге толук маалымат берем”, — деп баса белгиледи Асаналиев.

Депутат бул объект мамлекеттик менчикте эмес экенин белгилеп, аталган факт боюнча кошумча маалымат бере турганын айтты.

8 Апрель 2026 жыл 17:43
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча