УКМК: Опузалап акча каражатын талап кылган блогер кармалды

УКМК тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 1-бөлүгү (Опузалап талап кылуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Ж.Б.Т. аттуу блогер кармалды.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чаралардын жыйынтыгы менен 2024-жылдын январь айында интернет тармагында блогер аталган Ж.Б.Т., Жалал-Абад шаарындагы коомдук тамактануу жайларынын бирине барып, ал жер санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жооп бербегендиги үчүн видеого тарткандыгы аныкталган. Андан кийин материалдык пайда алуу максатында,

Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун, Жалал-Абад шаарындагы коомдук тамактануу жайларын тейлеген кызматкери тууралуу маалымат чогултуп, мурда тартылган видео тасманы өзүнүн «Facebook» социалдык баракчасына жарыялап, талапка жооп бербеген аталган коомдук жайды мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн кызматкери “калкалап” жатат деген таризде шилтеме калтырган.

Андан соң Ж.Б.Т. интернетке жүктөлгөн материалды алып өчүрүп салуу үчүн, Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ департаментинин кызматкеринен 25 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылган.
Үстүбүздөгү жылдын 6- февралында Ж.Б.Т. КР УКМКнын кызматкерлери тарабынан 25 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен кармалды.

Белгилей кетсек, буга чейин Ж.Б.Т.нын ушундай эле иш-аракетинин айынан, интернетке терс материал жарыялагандыгы үчүн, “Акипресс” маалымат агенттигинин Баткен облустук өкүлчүлүгүнүн журналисти каза болгон.

Учурда Ж.Б.Т. КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө иштери жүрүп жатат.

9 Февраль 2024 жыл 10:54
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча