УКМК Салык кызматынын инспекторлорун кармады

Мамлекеттик Салык кызматынын беш инспектору жемкорлукка шек саналып кармалды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) 24-апрелде билдиргендей, Салык кызматынын Бишкектеги Биринчи Май райондук башкармалыгынын инспекторлору Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 2-бөлүгү («Адамдар тобу тарабынан пара алуу») менен козголгон кылмыш ишинин алкагында колго түштү.

Алар салык маселелерин чечүү үчүн видеобайкоо коюлбаган жерде такай акча алып жүргөн деп айыпталып жатат.

Атайын кызмат бул жемкорлуктун бир канча фактысы документтештирилгенин маалымдады. Шектүүлөр шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

24 Апрель 2024 жыл 20:51
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча