Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) эл арасында “Старый толчок” деген ат менен белгилүү Бишкектеги “Евразия” базары мамлекетке алынганын кабарлады. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.
Атайын кызмат Айыл жана суу чарба министрлигинин карамагындагы 2,2 гектар жер “Шар-Чебер” жеке кооперативине мыйзамсыз өтүп, андан ары менчиктештирилип кеткени такталганын кошумчалады. Ал эми “Шар-Чебер” кооперативине Айыл жана суу чарба министрлигинин айрым кызматкерлеринин байланышы бар экени белгилүү болгон.
Иликтөө иштеринде “Евразия” базарынын (“Эл Гранд” ЖЧКсы) 1,14 га жер тилкеси жана жалпы аянты 3000ден ашык чарчы метр соода жайлары мамлекеттин балансына кайтарылды. “Старый толчок” базарында курулуш материалдары сатылат.