Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Жумгалбек Шабданбеков бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушуп, негизсиз кийлигишүүдөн алыс экенин билдирди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы 16-мартта кабарлады. Атайын кызматтын башчысы ишкерлерге кандайдыр бир коркутуу-кысуу болсо коргоого даяр экенин айтып, аларды ачык жана ак ниет иштеп берүүгө чакырды.
Ишкерлерге карата кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттери жана административдик тоскоолдуктары жаралган болсо баары мыйзам чегинде караларын кошумчалады. Бизнес-коомчулугу арасында мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзүп, кылмыштуу схемаларга аралашкандар болсо алардын жоопкерчилиги тууралуу эскертти.