Улуттук банк 17,5 млн доллар сатып алды

Кыргызстандын улуттук банкы валюта рыногунан 17,7 млн доллар сатып алды. Бул Улуттук банкттын доллар сатып алуу боюнча жыл башынан берки алтынчы интервенциясы.

Буга чейин Улуттук банк 26-апрелде — 24,5 доллар, 22-апрелде — 25 млн 850 миң доллар, 16-апрелде 19,2 млн доллар, 8-апрелде 17,1 млн доллар, 27-мартта 9 млн доллар сатып алган.

Бүгүнкү күндө доллардын расмий курсу 1 долларына 88,56 сомду түзүүдө.

8 Май 2024 жыл 9:52
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча