Улуттук банк 44,8 млн доллар сатты

Кыргызстандын Улуттук банкы чет элдик валюта сатуу боюнча кезектеги интервенция жасады.

Улуттук банктын сайтында маалымдалгандай, валюта рыногуна 44 млн 800 миң АКШ доллары сатылды.

Ошондой эле Улуттук банк доллардын расмий курсун 89,18 сомго чейин көтөрдү, ал эми коммерциялык банктарда доллар 89,37 сомго чейин кымбаттады.

17 Октябрь 2023 жыл 9:41
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча