Улуттук банк Ысык-Көлдө мыйзам бузган кредиттик союзга айып салды

Улуттук банктын Ысык-Көл облустук башкармалыгы тарабынан бир кредиттик союзга карата административдик чара көрүлдү.

Финансылык жөнгө салуучу органдан маалымдашкандай, аталган финансы-кредиттик мекеме мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларын бузууга жол берген.

Натыйжада Улуттук банктын областтык башкармалыгы тарабынан 55 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

20 Февраль 2026 жыл 11:35
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча