Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери 19-августка чейин камакка алынды

Бишкектин Биринчи май райондук соту Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери, атайын кызмат кармаган Жоомарт Карабаевдин бөгөт чарасын карап, аны 19-августка чейин камакка алды. Бул тууралуу ага укуктук жардам көрсөтүп жаткан “Кылым шамы” уюмунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова билдирди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери Карабаевди 2-июлда суракка алган соң кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып коюлганы кабарланган.

Атайын кызмат Жоомарт Карабаевдин иши тууралуу маалымат бере элек.

Жоомарт Карабаев мурдараак Улуттук илимдер академиясынын адистери кылмыш иштери боюнча экспертизаларды УКМКнын, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлеринин көрсөтмөсү менен жазарын айтып чыккан. Ал ошондой эле экспертизаны тиешелүү сертификаттары жок кызматкерлер жасай турганын билдирген.

Адис Фейсбукка бийликти сындаган пикирлерин жазып жаткан. Анын айткандарына бийлик органдары комментарий берген эмес.

4 Июль 2024 жыл 10:29
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча