Унаасына кошумча жабдык орнотуп, бензин ташыган айдоочу аныкталды

Унаасына кошумча жабдык орнотуп, Казакстандан бензин ташыган айдоочу аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет.

Маалыматка ылайык, өлкө аймагында жүрүп жаткан «Кошумча жабдык» аталышындагы рейддин алкагында Казакстандан JAC үлгүсүндөгү унаага кошумча жабдык орнотуп, бензин ташып келе жаткан айдоочу аныкталган.

«Унаа айып короо жайына токтотулуп, материал чара көрүү үчүн Мамлекеттик салык кызматына өткөрүп берилди»,-деп айтылат маалыматта.

25 Март 2026 жыл 13:27
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча