MBANK аркылуу бир басуу менен виртуалдык Visa картасын ачыңыз!
⠀
Эми MBANK мобилдик тиркемесинин бардык колдонуучулары виртуалдык Visa картасын БОЛГОНУ БИР БАСУУ менен ачуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
⠀
MBANK’тагы виртуалдык карталар көптөгөн адамдар үчүн чыныгы табылгага айланды. Алар онлайн сатып алууда ыңгайлуулукту, ийкемдүүлүктү жана коопсуздукту сунуштайт.
⠀
Виртуалдык карта деген эмне?
⠀
Виртуалдык Visa картасы банк картасына окшош, болгону пластик сырты жок. Маалыматтар (номери, жарактуулук мөөнөтү, CVV-коду жана эсеби) MBANK тиркемесинде сакталат.
⠀
MBANK аркылуу виртуалдык Visa картасын ачуу үчүн:
⠀
Смартфонуңузга MBANK тиркемесин жүктөп алып, ачыңыз;
Жогору сүрүп, «MBANK Virtual ачууну» тандаңыз;
Шарттар менен таанышып, «Алуу» баскычын басыңыз;
Тарифтер менен таанышып, «Картаны алуу» баскычын басыңыз;
МВАНК’тан виртуалдык Visa картаңыз даяр!
⠀
*Жаңы кардарлар үчүн картаны ачуу улуттук валютада гана жеткиликтүү. Виртуалдык картаны чет өлкөлүк валютада алуу үчүн: доллар, евро, рубль — сиз толук кандуу кардар болуп, толук идентификациядан өтүшүңүз керек.
⠀
MBANK — Биринчи санарип!