Якутияда мигранттарга каршы нааразылык акциясы өттү

Якутияда үй-бүлөлүк жаңжалда жергиликтүү тургун өлтүрүлгөндөн кийин ондогон кишилер нааразылык акциясына чыгышты. Адам өлтүрүү шеги менен 18 жаштагы теги тажик Мухамад Одинаев кармалды. Бул тууралуу Sakhaday басылмасы кабарлады.

Аянтта чогулган эл менен полициянын полковниги Олег Лебед жолугуп, киши өлтүрүүгө шектүү кармалганын, ал Орусиянын жараны экенин баса белгиледи.

Кийинчерээк аянтка чогулган эл тарады. Ошол эле учурда акциясын башка аянтка барып улантууну аракет кылганда кагылышуу болуп, айрымдарын күч органдары кармап кетишкени маалымдалды.

Окуя 21-январда Якутск шаарында болгон. Тергөө комитетинин маалыматына караганда, Тажикстанда туулган, кийин Орусиянын жарандыгын алган Мухамад Одинаев жана 23 жаштагы жергиликтүү тургун ага чейинки күнү шаардагы клубдардын биринде чырдаша кеткен. Кийин жергиликтүү тургун өзү менен кошо бир нече киши алып Одинаевге барган, ошол жерден кайрадан чыр тутанып, ал бычык жеген, ооруканада өзүнө келе албай көз жумган.

Акцияга чыккандар мигранттарга көзөмөлдү күчөтүүнү талап кылышканы, ал эми диаспора башчылары өз мекендештерине бүгүнчө көчөгө чыкпай, жумушка барбай коё турууну эскертишкени кабарланды.

25 Январь 2024 жыл 9:47
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча