«Ынтымак» саясий партиясынын Ысык-Көл дубаны боюнча кезексиз съезди өттү

Бүгүн, 27-сентябрда “Ынтымак” саясий партиясынын Ысык-Көл дубаны боюнча Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын 2024-жылдын 17-ноябрына дайындалган шайлоосуна катышууга депутаттыка талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жана Ысык-Көл дубанынын координаторун тандоо үчүн кезексиз съезди болуп өттү.

Бул иш-чарага партия мүчөлөрү, Ысык-Көл дубанынын бардык аймактарынан келген делегаттар, партиянын саясий кеңешинин мүчөлөрү, активисттер, ошондой эле жаштар уюумдарынын өкүлдөрү маданият жана спорт ишмерлери катышты.

Съезддин күн тартибинде биринчиден Ысык-Көл дубанынын координатору – партиянын тең төрагасы рангына Түлөбаев Балбак Зарлыковичтин талапкерлиги сунушталып колдоо тапты.

Иш-чарада Тоң, Жети-Өгүз, Ысык-Көл районунун айылдык кеңештерине жана Каракол, Чолпон-Ата, Балыкчы шаардык кеңештерине сунушталган талапкерлерге добуш берилди. Талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жөнүндөгү чечим, саясий партиянын сьездинде жашыруун добуш берүү менен бекитилди.

“Ынтымак” саясий партиясынын Төрагасы Маматалиев Марлен Абдырахманович алдыдагы боло турган шайлоолордон өлкөгө тынчылык, жакшылык экономикалык өнүгүү алып келүүсүн жана партиянын максаты элге кызмат кылуу экендигин белгиледи.

27 Сентябрь 2024 жыл 20:04

Тема боюнча