YouTube (Alphabet Inc.) каналы АКШ президенти Дональд Трамптын дооматтарын жөнгө салуу максатында 24,5 млн доллар төлөөгө макул болду. Бул тууралуу Интерфакс агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, бул дооматтар Трамптын аккаунту 2021-жылдын январында Капитолийдеги башаламандыктардан кийин чектелгенине байланыштуу коюлган.
Калифорниянын Түндүк округдук соту бул келишим YouTube тарабынан күнөөнү же жоопкерчиликти моюнга алуу дегенди билдирбестигин баса белгиледи.
Трамп 2021-жылдын ортосунда YouTube, Facebook (Meta) жана Twitter (азыркы X) компанияларын сотко берген. Социалдык тармактар анын аккаунттарын «зордук-зомбулукка чакырык болушу мүмкүн» деген жүйө менен чектеген.
2025-жылы Трамп Ак үйгө кайтып келгенден кийин IT-компаниялар президент менен соттук талаштарды жөнгө салууга аракет кылууда. Meta январда 25 млн доллар төлөөгө макул болгон, ал эми X (Twitter) – 10 млн доллар.
YouTube Трамптын аккаунтун толугу менен жапкан эмес, болгону видео жүктөө мүмкүнчүлүгүн убактылуу чектеген. Бул мүмкүнчүлүк ага 2023-жылы кайра берилген.
Ошол эле учурда, 2025-жылдын башынан тартып Alphabet компаниясынын акциялары 28,9% өскөн.