Ысык-Атада 11-класстын окуучусун ат сүйрөп кетип көз жумду

Чүйдүн Ысык-Ата районунда 11-класстын окуучусун ат сүйрөп кетип көз жумду. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Каргаша 1-январда Ысык-Атанын Бирдик айылында болгон. Анда өспүрүм малын айылдын четиндеги талаага жайганы барган. Саат 16:30 чамасында үйүнө кайтып баратканда аттан жыгылып, үрккөн ат сүйрөп кеткен. Окуяга күбө болгон башка киши жылкыны токтотуп, Тез жардам чакырган.

Өспүрүм Ысык-Ата аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө эсине келбей көз жумган.

Милициядан факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү башталганын айтышты.

7 Январь 2024 жыл 16:07

Тема боюнча