14-августта Ысык-Көл облусунунун Тамчы айылында жайгашкан “Ысык-Көл” аэропортунда учкучсуз учак кулады. Бул маалыматты “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы ырастады.
Мекеме ушул күндөрү Ысык-Көл облусунун аймагында аскердик машыгуу өтүп жатканын билдирип, учак же тик учак кулаганы тууралуу маалыматты четке какты.
“Ысык-Көл” аэропортунун аймагына кулаган учкучсуз учактан чыккан өрттү өчүрүүгө эки өрт өчүрүүчү автоунаа тартылган. Алдын ала маалымат боюнча кырсыктан эч ким жабыркаган эмес.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) комментарий бере элек.
Социалдык тармактарда “Ысык-Көл” аэропортунун аймагында өрт чыгып жатканы тартылган видео жана сүрөттөр жарыяланды.
Кыргызстан буга чейин Түркиядан “Байрактар”, “Аксунгур” жана “Акынжы” учкучсуз учактарды сатып алган. “Ысык-Көл” аэропортунун аймагында кайсы үлгүдөгү дрон кулаганы белгисиз.