17-февралга оогон түнү болгон катуу шамалдан Тамчы айылындагы “Ысык-Көл” аэропортунун дубалынын бир бөлүгү дагы кулады.
2023-жылдын 18-мартында ушул эле аэропорттун дубалынын бир бөлүгү катуу шамалга туруштук бере албай кулаган.
Аэропорттун айланасын тосуу боюнча “Кыргызстройсервис” ишканасы жеке подрядчы компания менен келишим түзгөнү, 18-мартта катуу шамалдан улам бетондоо иштери толук бүтө элек тилкедеги дубал урап калганы маалымдалган. Дубалды подрядчы фирма өз каражатына кайра калыбына келтире турганы айтылган.