Ысык-Көлдөгү базарларда ижара акысы арзандады
УКМК Ысык-Көл облусунун ири соода-базар комплекстеринин ээлери менен сүйлөшүп, соода жайларынын ижара акысын 20 пайызга чейин төмөндөтүү макулдашылды. Бул тууралуу атайын кызматтан кабарлашты.
Ижара акысы арзандай турган базарлар, соода жайлары:
- «Ак-Тилек плюс» соода жайы (Каракол шаарындагы азык-түлүк базары), А.Бараковго катталган;
- «Ак-Тилек» (Каракол шаарындагы кийим-кече, эт азыктары жана кургатылган жемиштерди саткан базар), Д.Исаевге катталган;
- «Бугу» жана «Макиш» (Каракол шаарындагы жашылча базары, алтын зер буюмдары жана кийим-кече базары); А.Рыскуловго катталган;
- «Ак-Тилек+5» (Каракол шаарындагы кийим-кече базары) Б.Өскөнбаевге катталган;
- «Ак-Тилек+2» СБКсы (Каракол шаарындагы азык-түлүк базары), Т.Сакеевге катталган.
Облустагы базар ээлери соода кылган жөнөкөй жарандарга шарт түзүп берип, базарлардын инфраструктурасын жакшыртып жатканы кошумчаланды.
18 Декабрь 2023 жыл 19:20