Учурда Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренеси (Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү) боюнча козголгон кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.
Катердин айдоочусу Кара-Ой айылынын 16 жаштагы тургуну болгон. Ал баш коргоо чарасы тандалганга чейин камакка алынды.
Эске салсак, 23-июлда саат 16:30 чамасында Чолпон-Ата шаарында жайгашкан эс алуу жайларынын биринде суу оюн-зоок кызматын көрсөткөн катердин айдоочусу көлдүн үстүндө баллон сүйрөтүп бара жатып, теплоходго урунган. Натыйжада, баллондо отурган үч адам денесинен жаракат алып, оор абалда Чолпон-Ата шаарындагы райондук ооруканага жеткирилген.
Белгиленгендей, жабыркаган үч адамдын экөөсү алган оор жаракаттардан улам оорукананын жандандыруу бөлүмүндө ошол эле күнү көз жумуп, үчүнчү жабырлануучу хирургия бөлүмүнө жаткырылган.