Ысык-Көлдү коргоо: Заманбап кайыктар жана дрондор берилди

Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициясы эки заманбап моторлуу суу кайыгы менен жабдылды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Туризм жана экология багытында иш алып барган туристтик-экологиялык милиция кызматкерлерине техникаларды жоопкерчиликтүү пайдалануу тапшырылды. Ошондой эле ар бир райондук бөлүмгө жаңы үлгүдөгү заманбап учкучсуз учуучу аппараттар (квадрокоптерлер) берилди.

Моторлуу кайыктар 6,5 метр узундукта, бышык алюминийден жасалган жана ички суу жолдору үчүн атайын иштелип чыккан. Алар заманбап радар, күн энергиясы менен иштеген камера жана сонар менен жабдылып, багыттоо жана кырдаалды көзөмөлдөө мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.

Квадрокоптерлер эң катаал экологиялык шарттарда иштей алат. Алар сенсорлордун жардамы менен жогорку коопсуздукка ээ жана тепловизор менен жабдылгандыктан, адамдарды издөө, браконьерлерди аныктоо, инфраструктураны көзөмөлдөө, издөө-куткаруу иштери жана токой өрттөрүн көзөмөлдөөдө колдонулат.

7 Январь 2026 жыл 15:02
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча