Ысык-Көл облусунда 25, 42, 43 жаштагы үч адам 20 жаштагы кызды ала качууга шек саналып кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
Мекеменин маалыматына ылайык, жабырлануучу 23-ноябрда Бостери аймактык милициясына арыз жазып, ошол эле күнү Корумду айылынын аймагында белгисиз үч адам ага күч колдонуп, никеге туруу максатында ошол эле айылга ала качып барганын билдирген.
Шектүүлөр суракта күнөөсүн моюнуна алышкан. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексиинин “Никеге туруу максатында ала качуу” беренеси менен кылмыш иши козголду. Ысык-Көл райондук соту шектүүлөрдү бир айга камакка алды.