Ысык-Көлдөн 4,5 миң метр тор чыгарылды

22-апрелде Ысык-Көл облустук милициясынын Туристтик-экологиялык милиция кызматы тарабынан облус аймагындагы көл акваториясын тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Милициядан билдиришкендей, анын жүрүшүндө көл түбүнөн жалпы узундугу 3 120 метрди түзгөн синтетикалык балык уулоочу торлор чыгарылды.

Мындан тышкары, көл жээктеринен 1 430 метр эски синтетикалык торлор табылып, тазаланды.

24 Апрель 2026 жыл 11:34
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча