Ысык-Көлдө унаа сүзүп кеткен милиция кызматкери Бишкекке жеткирилди

Ысык-Көлдө жол кырсыгына кабылган милициянын кайгуул кызматкери Бишкектеги республикалык ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги 17-августтун кечинде билдирди.

15-августта кайгуул кызматкери Элистан Арзыбеков Ысык-Көл облусунда жол тыгынын жөнгө салып жаткан маалда аны Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа сүзүп кеткен. Ал Бишкек шаардык жол коопсуздук башкармалыгынын кызматкери жана Ысык-Көлгө убактылуу которулган.

ИИМ жана Саламаттык сактоо министрлиги анын ден соолугу боюнча маалымат бере элек.

18-июлда да Чолпон-Ата шаарында иш учурунда Бишкек шаардык милициясынын кайгуул кызматынын маалымат катчысы Мирлан Талайбековду кичи автобус сүзүп кеткен. Кызматкер башынан жараат алып, ооруканага жаткырылган.

18 Август 2024 жыл 20:17
Көрүүлөрдүн саны:

Тема боюнча