Өзбекстан курамасы Азия кубогунун 1/8 финалында Таиландды 2:1 эсебинде утуп алды.
Жеңиш голун 65-мүнөттө Аббосбек Файзуллаев киргизди. Дагы бир голду 37-мүнөттө Азизбек Тургунбаев киргизди.
Таиланддын жалгыз голун Супачок Сарачат (58-мүнөттө) киргизди.
Өзбекстан курама командасы Азия кубогунун чейрек финалына чыкты. Анда Сречко Катанецтин командасы Катар курамасы менен беттешет.