
Ош облусунун Өзгөн районунун Кароол айыл аймагында кубаттуулугу 220/110/10 кВ болгон ”Исанова” көмөк чордону курулат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Ведомстводон билдиришкендей, көмөкчү чордон Энергетика министри Т.Ибраевдин тапшырмасы менен, ошондой эле Кайра жаралуучу энергетикасын өнүктүрүү долбоорунун алкагында курулат.
Бул долбоор 220/110/10 кВ, ар бири 200 МВА кубаттуулуктагы эки автотрансформаторду орнотууну, ошондой эле тиешелүү аба электр берүү чубалгыларын тартууну камтыйт. Атап айтканда:
Дүйнөлүк банк долбоорго 35,5 миллион АКШ долларын бөлөт. Анын ичинде:
2024-жылдын 23-январында Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосунда “Кыргыз Республикасынын кайра жаралуучу энергетикасын өнүктүрүү” долбооруна кол коюлган.
Бүгүнкү күндө ички каржылык процедуралар толук аяктады. Дүйнөлүк банктын эрежесине ылайык, көмөк чордондун жана тиешелүү электр берүү чубалгыларынын курулушуна подрядчикти тандоо жана курулушка көзөмөл жүргүзүү үчүн консалтинг компанияны тандоо конкурсу өткөрүлүүдө.
Энергетика министрлиги жабдууларды сатып алып, подряддык уюмдарды жалдоо боюнча тендер жүргүзөт.
Бүгүнкү күндө, долбоор боюнча «Кыргызстан улуттук электр тармагынын” филиалы – Ош электр тармактары ишканасы тиешелүү жер тилкелерин бөлүү жана уруксат берүүчү документтерди алуу чараларын көрүүдө деп айтылат маалыматта.